Түндүк Корея менен АКШнын ортосунда согуш чыгып кетсе эң чоң апаат болот

Дипломатиялык аракеттер ийгиликсиз болгон учурда бардык аймакты согушка түртөт

741236
Түндүк Корея менен АКШнын ортосунда согуш чыгып кетсе эң чоң апаат болот

АКШнын коргоо министри Жеймс Маттис, Түндүк Корея менен согуш чыгып кетсе мунун бардык аймакты апаатка алып бараарын айтты.

Түндүк Кореянын аймакта Түштүк Корея менен Японияга коркунуч туудурганын белгилеген Маттис, дипломатиялык аракеттер ийгиликсиз болгон учурда аймакты согушка түртөөрүн мунун Кытай менен Орусия да арасында болгон бардык аймакты апаатка алып бараарын айтты.

Түндүк Кореянын Түштүк Кореянын борбор шаары Сеулду бомбалай тургандай жүздөгөн курал-жарак жана ракетага ээ экенин белгилеген Маттис, Түндүк Корея менен ыктымалдуу кагылышуунун эң чоң апаат болоорун айтты.



Тектеш кабарлар