Израиль палестиналыктарды камоого алды

22 палестиналык камоого алынды.

739157
Израиль палестиналыктарды камоого алды

Израиль армиясы Батыш Шерианын түрдүү аймактарында 22 палестиналыкты камоого алды.

Израиль армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Батыш Шериадагы сегиз башка аймакта палестиналыктарга таандык үйлөргө түнкү сааттарда баскын жасалгандыгы белгиленди. Баскындардын натыйжасында «террордук кыймылга аралашты» деген негиз менен 22 палестиналык камоого алынды.

Израиль күчтөрү баскын астындагы Батыш Шериа жана Чыгыш Иерусалимде бат – бат үйлөргө баскындар жасалып, түрдүү сөздөр менен палестиналыктарды камоого алууда.

Палестина туткундар жамааты да араларында болгон мекемелер даярдаган отчетко караганда Израиль абактарында 481 киши баскын астындагы Чыгыш Иерусалимден болуу менен 57си аял, 300зү бала болгон 7 миң палестиналык бар.



Тектеш кабарлар