АКШдагы эки анжылык талаш туудурууда
Террор уюму ДЕАШка каршы күрөшүлүп жатканда башка бир террор уюумна курал жардамын бериши АКШда да талаш туудурду.
Террор уюму ДЕАШка каршы күрөшүлүп жатканда башка бир террор уюумна курал жардамын бериши АКШда да талаш туудурду.
Америкалык чалгындоо жетекчилерине караганда Вашингтон бийлигинин жикчил террор уюму ПККнын сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГга карай саясаты Түркия-Америка карым-катнаштарына зыян тийгизүүдө.
Бул тема Америка Сенатынын куралдуу күчтөр комитетинде өткөрүлгөн «Дүйнөдөгү коркунучтар» отурумунда күн тартипке келген эле.
Түштүк Каролинанын сенатору, республикачыл Линдси Грэм, улуттук чалгындоонун директору Дэн Котс жана Коргоо чалгындоо агенттигинин директору,генерал-лейтенант Винсент Стюарттан террордук уюм ЙПГга көрсөтүлгөн колдоонун Түркия менен келише албоочулукка себеп болуп болбогонун сурады.
Чалгындоо жетекчилери «Саясаттарыбыз бул чыңалууга себеп болушу мүмкүн»,-деп жооп берди.
Эки чалгындоо жетекчилеринин маалымдоолору аймакта болгон чыңалууга АКШнын Сирия саясаттарынын себепчи болгонун алгач ирет расмий органдары тарабынан моюнга алынышы катары бааланууда.