Сирия сүйлөшүүлөрүнүн 7-айлампасынын алдыдагы айда өткөрүлүшү пландалууда

Стаффан де Мистура, Швейцариянын Женева шаарында жүргүзүлгөн Сирия сүйлөшүүлөрүнүн 7-айлампасынын алдыдагы айда өткөрүлүшү пландалганын белгиледи.

737569
Сирия сүйлөшүүлөрүнүн 7-айлампасынын алдыдагы айда өткөрүлүшү пландалууда

Бириккен Улуттар Уюмунун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура, Швейцариянын Женева шаарында жүргүзүлгөн Сирия сүйлөшүүлөрүнүн 7-айлампасынын алдыдагы айда өткөрүлүшү пландалганын белгиледи.

Де Мистура, БУУнун коопсуздук кеңешиндеги Сирия темалуу жыйналышка видео-конференция жолу менен катышып, Кеңештин мүчөлөрүнө Женевадагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн акыркы айлампасы туурасында маалымат берди.

Сирияда коопсуз аймактардын түзүлүүсү тууралуу айдын башында Казакстандын борбор шаары Астанада жетишилген келишимге карабастан, Хама, Хомс жана Дамасктан режим күчтөрү жана куралдуу оппозициячыл топтордун арасында кагылышуу болгону жөнүндөгү кабарлар келгенине көңүл бурган Де Мистура, режим күчтөрүнүн Хомс жана Сүвейдада террор уюму ДЕАШ менен согушуп жаткан оппозициячыл топторго кол салганын маалымады.

Де Мистура, тараптардын араларындагы чоң көз караш айырмачылыктарынын уланганына карабастан, сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы үчүн сүйлөшүү үстөлүнө кайтууга даяр болгондорун айтты.

Акыркы айлампада жаңы конституциянын пайдубалын түптөш үчүн адистерден турган жыйналыш процессинин да баштатылганын белгилеген Де Мистура, БУУнун жаңы конституция жазуу даярдыгын кылбаганын, сириялыктардын өз конституциясын түзүүсүнө пайдубал түптөө даярдыгын кылганын белгилеп өттү.



Тектеш кабарлар