Трамп басма сөзгө катуу каршылык көрсөттү

Дональд Трамп, басма сөздүн дайыма өзүн бутага алышына катуу каршы чыкты.

735081
Трамп басма сөзгө катуу каршылык көрсөттү

АКШнын президенти Дональд Трамп, басма сөздүн дайыма өзүн бутага алышына катуу каршы чыкты.

АКШнын президенти Дональд Трамп, Коннектикутта Жээк коопсуздугу академиясынын бүтүрүүчүлөрүнүн аземинде Американын басма сөзүнүн тарыхта эч бир саясатчыга мынчалык жаман жана адилетсиз мамиле кылбаганын айтты.

Жаңы бүтүрүүчүлөргө «сындоолорго сынбагыла» деген кеңешин берген Трамп: «Туура билгендериңерден эч качан баш тартпагыла.Мен Вашингтон медиасына жана жекече кызыкчылык топторуна кызмат кылуу үчүн шайланган жокмун. Мен бул өлкөнүн унутулган аял жана кишилерине кызмат кылыш үчүн президент болдум»,-деди.

Бир тараптан Ак үйдө төртүнчү айын толтура турган Трамп бийлигинин тез-тез чатактуу айтымдар менен күн тартипке чыгып жатышы, глобалдык финансы базарларында чукул толкундоолорго себеп болууда.

Азия жана Европа биржаларынын артынан Американын индекстери да олуттуу жоготууларга учурдоодо.

Доллар башкы атаандаштарына салыштырмалуу кунун жоготуп жатканда, алтындын баасы жогорулоодо.



Тектеш кабарлар