Франциянын президенти Эммануэль Макрон Дональд Туск менен жолугушту

Макрон Елисей сарайында Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен Европа Биримдиги реформасын карап чыкты.

734759
Франциянын президенти Эммануэль Макрон Дональд Туск менен жолугушту

Франциянын президенти Эммануэль  Макрон өлкөсүнүн Европа Биримдигинин жаңы саясат жүргүзүшүнө мүмкүнчүлүк түзөрүн айтты.

Макрон Елисей сарайында Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен Европа Биримдиги реформасын карап чыкты.

Европа Биримдигинин түзүлүшүн карап чыгуу керектигин баса белгилеген Франциянын президенти Макрон Туск менен бул тууралуу эртерээк ишти баштоо керектигин баса белгиледи.

«Франция биримдиктин жаңы саясат жүргүзүшүнө мүмкүнчүлүк түзөт»,- деген Макрон Тусктун жана анын лидерлигинин бул өзгөрүүнү алдыга жылдырарына ишенгендигин айтты.

Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Дональд Туск да Европанын Макрондун энергиясына, кыял күчүнө жана тайманбастыгына муктаж экендигин белгиледи. Туск : «Мен Европа дегенде мекемелерден сөз кылбаймын, сиздин жеңишиңизди бир үмүт белгиси катары көргөн миллиондогон европалыктан сөз кылып жатам»,- деди.

Франциянын жаңы президенти Эммануэль Макрон Европа Биримдигинде евро аймагынын күчтөндүрүлүшүн, чек ара коопсуздугу жана качкындар саясаты темаларында көптөгөн өзгөртүүлөрдүн киргизилишин каалап жатат.



Тектеш кабарлар