АКШнын БУУдагы өкүлү Никки Хейли Түркияга келет

Хейли чет өлкөгө алгачкы сапарын Түркия менен Иорданияга жасайт

734730
АКШнын БУУдагы өкүлү Никки Хейли Түркияга келет

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли чет өлкөгө алгачкы сапарын 19-25-май күндөрүнүн аралыгында Түркия менен Иорданияга жасайт.

Туруктуу өкүл, эки өлкөнүн жооптуу кызматкерлери менен Сириядагы согуштун айынан жерлеринен ажыраган баш калкалоочуларга жана аларды кабыл алган өлкөлөргө АКШнын кантип жардам берээри темасын сүйлөшөт.

Хейли эки өлкөдө тең баш калкалоочу лагерлерин жана алардын балдары билим алып жаткан мектептерди кыдырат.

Түркия болжол менен 3 миллион, Иордания болсо 659 миң баш калкалоочуну багып жатат.



Тектеш кабарлар