Афганстандагы жардырууда 2 бала каза болуп, 2 бала жараланды
Кол салууну азырынча моюнга алган болгон жок.
![Афганстандагы жардырууда 2 бала каза болуп, 2 бала жараланды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/6bfd/28c3/8d4a/591bfe3a3e016.jpg?time=1718740939)
Афганстандын Каписа аймагында болгон жардырууда 2 бала каза болуп, 2 бала жараланды. Каписа коопсуздук директорлугу Каписанын Нижраб районуна караштуу Дере Тепе аймагында жол жээгине жайгаштырылган бомбанын балдар аймактан өтүп бара жаткан учурда жардырылгандыгын билдирди. Кол салууну азырынча моюнга алган болгон жок.
Бир тараптан өлкөнүн чыгышында Нангархар аймагынын Жалалабад шаарында мамлекеттик телекөрсөтүүгө жасалган кол салууда 1 киши каза болуп, 14 киши да жараланды.
Нангархар губернаторунун катчысы Атауллах Ногяни кол салуучулардын экөөсүнүн имараттын кире беришинде денесиндеги жарылуучу заттарды жардыргандыгын айтты.
Үчүнчү кол салуучунун имараттын ичине кирип ок аткандыгын айтка Ногяни кол салуучу менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кагылышуунун улантылып жаткандыгын белгиледи.
Мамлекеттик телекөрсөтүү имараты Нангархар губернаторлугуна жакын аралыкта жайгашкан.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718740940)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.