Түндүк Кореяга АКШ менен Япония каршылык көрсөттү

Кишида, аймактагы коопсуздук маселесинин абдан олуттуу деңгээлге жеткенин белгиледи.

733402
Түндүк Кореяга АКШ менен Япония каршылык көрсөттү

Япониянын тышкы иштер министри Фумио Кишида, АКШнын Тынч океан күчтөрү боюнча командири, адмирал Гарри Харрис, Түндүк Кореяга каршы эки тараптуу кызматташтыкты жана Түштүк Корея да кошулган үчтүк механизмди күчтөндүрүүнү баса белгиледи.

Киодо маалымат агенттигинин маалыматына караганда Кишида, Харрис менен Япониянын борбор шаары Токиодо жолугушуусунан кийин басма сөзгө маалымат берип, Түндүк Кореянын жекшемби күнкү баллистикалык ракета сыноосунун кабыл алынгыс экенин айтып, «Япония жана АКШнын ортосундагы жакын координацияны улантышыбыз керек»,-деди.

Кишида, аймактагы коопсуздук маселесинин абдан олуттуу деңгээлге жеткенин белгиледи.

Адмирал Харрис да, Түндүк Кореянын кылганынын кабыл алынгыс болгонун кайталап, Япония жана АКШнын ортосундагы шериктештик менен АКШ, Япония жана Түштүк Кореянын арасындагы үчтүк механизмдин маанисин шилтеме кылды.

Түштүк Кореянын коргоо министри Хан Мин Ку жана япон кесиптеши Томоми Инаданын кечээки телефондогу сүйлөшүүсүнөн кийин эки өлкөнүн Түндүк Кореянын ракета сыноосун айыптаганын жарыялаган.

Түндүк Корея аптанын аягында жаңы баллистикалык ракетасын сынады. Кусунгга жакын жерден учурулган ракета Япон деңизине түшкөн. Түндүк Корея буга окшогон ракеталарын көптөн бери сынап келет.



Тектеш кабарлар