ПКК/ПЙД дагы ДЕАШ жана Боко Харам сыяктуу кыз балдарды колдонуп жатат

Гүвен Бегеч, жикчил террор уюму ПКК жана анын Сириядагы уландысы ПЙДнын, ДЕАШ жана Боко Харам сыяктуу, аялдарды жана кыз балдарды колдонгонун айтты.

733172
ПКК/ПЙД дагы ДЕАШ жана Боко Харам сыяктуу кыз балдарды колдонуп жатат

Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Гүвен Бегеч, жикчил террор уюму ПКК жана анын Сириядагы уландысы ПЙДнын, ДЕАШ жана Боко Харам сыяктуу, аялдарды жана кыз балдарды колдонгонун айтты.

Гүвен Бегеч, БУУнун коопсуздук кеңешиндеги «Кагылышуу чөйрөсүндө жыныстык зомбулук» аттуу отурумда сөз сүйлөп, кагылышуулардын аял жана кыз балдарга карата оор таасирине, улам күчөгөн зомбулук окуяларынын согуш тактикасы жана жарандарга карай систематикалык кол салуу катары колдонулушуна көңүл бурду.

ДЕАШ жана Боко Харам сыяктуу террордук уюмдардын аялдарга жана кыз балдарга карай адепсиз жийиркентүүчү мамилесинин бардык платформада айыпталышы керектигин айткан Бегеч: «Террор уюму ПКК/ПЙД, ДЕАШ жана Боко Харам сыяктуу аялдарды жана кыз балдарды колдонуп жатат. Өзүнө мүчө болгон аялдарды да зордуктап, мажбурлап боюна бүтүрүүдө, аборт сыяктуу жыныстык зомбулукту ишке ашырууда»,-деди.

Улам күчөгөн зомбулук окуялары, мажбурлап жеринен көчүрүүлөр адамдардын соодаланышына чөйрө даярдап бергенин жана муну менен кошо жыныстык зомбулук жана эксплуатацияны ала келгенин белгилеген Бегеч, Түркиянын адам укуктарын бузган, адамдын намысына жана аброюна шек келтирген кылмыш болгон адам уурдоо менен күрөшүүгө чоң маани бергенин айтты.

Сириядагы жыныстык зомбулук окуяларына да токтолгон Бегеч, жыныстык зомбулуктун ар түрдүү топтор тарабынан, террор жана кыйноо ыкмасы катары колдонулганын түшүндүрдү.

Сириялыктардын өзгөчө аял жана кыз балдарынын жыныстык күч колдонуунун астында жашап жатканын баса белгилеген Бегеч, Сирия режиминин камак борборлорундагы коркунучтуу жыныстык окуяларынын БУУнун отчетторунда документтештирилгенин жана Түркиянын Астана жолугушууларында камактагылардын эркин кое берилишине карата аракетинин да ушул жагынан темага тиешелүү экенин маалымдады.



Тектеш кабарлар