Ирактын башкы штаб төрагасынын Мусул тууралуу билдирүүсү

Ирак армиясы Рамазан айынан мурда Мусулду толугу менен террордук уюм ДЕАШтан куткарарын билдирди.

730999
Ирактын башкы штаб төрагасынын Мусул тууралуу билдирүүсү

Ирак армиясы Рамазан айынан мурда Мусулду толугу менен ДЕАШ террордук уюмдан куткарарын билдирди.

Ирактын башкы штабынын төрагасы Осман Ганими Мусулдагы кагылышуу жерлерине барып басма сөзгө маалымат берди. Осман Ганими : «Мусулдун баарында ДЕАШка каршы жеңишти Рамазан айынан мурда жарыялайбыз»,- деди.

«Күчтөрүбүз ДЕАШка каршы чоң күч сарптап жатат. Бул да алдыбыздагы күндөрдө аяктайт»,- деген Ганими куткаруу операциясында өлкө күчтөрүнүн тышында эч бир чет элдик кургактык күчкө уруксат беришпей тургандарын жактады.

Январь айында өлкөнүн экинчи чоң шаары Мусулдун чыгышын уюмдан кайра алган Ирак күчтөрүнүн Мусулдун батышын ДЕАШтан тазалоо операциясы улантылууда.

 



Тектеш кабарлар