Кытай жаңы ракетасын сынады

Сыноо Бохай деңизинде өттү

729731
Кытай жаңы ракетасын сынады

Кытай жаңы ракетасын сынады.

Кытайдын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда сыноо Түштүк Корея менен Кытайды бөлүп турган Сары деңиздин батышындагы Бохай деңизинде болду.

Билдирүүдө сыноонун жылдык машыгуунун алкагында өткөрүлгөнү, армиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган жагдайларга каршы жөндөмдүүлүгүн жана согуштук күчүн арттырууну максаттаганы айтылды.

Ракетанын үлгүсү туурасында маалымат берилбестен сыноонун ийгиликтүү жыйынтыкталаганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар