Жер Ортолук деңизинде эки кеме чөктү

Жер Ортолук деңизинде эки көчмөн кемесинин чөгүшү менен 250 киши жоголду.

728923
Жер Ортолук деңизинде эки кеме чөктү

 

БУУ жоголгондугу билдирилген 250 кишинин каза болушунан тынчсыздангандыгын билдирди.

БУУнун качкындар жогорку комиссарлыгы бюросунан берилген маалыматта жекшемби күнү Ливия жакындарында бир кеменин чөгүшүнөн бери 163 кишинин да каза болушу мүмкүн экендиги билдирилди.

Кемеден бирөөсү аял, алтоосу эркек болгон жети кишинин жээк коопсуздук топору тарабынан куткарылгандыгы  белгиленди. Бир тараптан Сицилия жакындарында да  132 кишини ташыган бир кеменин чөккөндүгү, куткарылган 50 кишинин Сицилиядагы Поззалло шаарына алып барылгандыгы билдирилди.

БУУнун качкындар жогорку комиссарлыгынын акыркы маалыматтарына караганда бул жылы Түндүк Африкадан Италияга Жер Ортолук деңизи аркылуу өтүүгө аракет кылган 1300 киши табылбады. Жоголду деп билдирилген бул кишилердин каза болушу мүмкүн экендиги болжолдолууда.



Тектеш кабарлар