Жер ортолук деңизде жаңы трагедиялуу окуя

80 адам деңизге чөгүп көз жумду

727508
Жер ортолук деңизде жаңы трагедиялуу окуя

Европага баруу максатында Ливиядан жолго чыккан дагы 80дей бозгун Жер ортолук деңизде көз жумду.

Италиянын маалымат агенттиги АНСАнын кабарына караганда, Италиянын жээк коопсуздугун сактоочу кемеси мурдагы күнү деңизден куткарып бүгүн Поццалло портуна алып барган бозгундардын айтымы боюнча аймакта жаңы трагедиялуу окуя болду.

Бозгундар бир канча күн мурда Ливиядан 120 киши менен Жер ортолук деңизге сапар тарткандарын бирок ашыкча жүктүн айынан резина кайыкка суу кирип андан соң чөккөнүн айтышты.

Окуяда бозгундардын 40кынын кутулганы бирок 80 адамдын болсо деңизге чөгүп көз жумганы маалымдалды.

Бул туурасында Рагуза прокурордугу териштирүү баштатты.  



Тектеш кабарлар