Түндүк Корея АКШнын атуулдарын четинен кармап камап жатат

Түндүк Корея дагы бир АКШ атуулун кармап алганын жарыялады.

727913
Түндүк Корея АКШнын атуулдарын четинен кармап камап жатат

АКШ менен Түндүк Кореянын ортосундагы чыңалуу уланууда.

Түндүк Корея дагы бир АКШ атуулун кармап алганын жарыялады.

Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат агенттиги, борбор калаа Пхеньянда Илим жана технология университетинде иштеген Американын атуулу Ким Хак-Сонгдун кармалганын маалымдады.

Анда өлкөгө каршы душмандай мамиле калганы менен кармалганын белгилеген Кимдин кылмыштары териширилип жатканы белгиленди.

Пхеньян бийлиги өткөн аптада ошол эле университетте сабак бериши үчүн өлкөсүнө чакырылган корея тектүү Американын атуулу Ким Санг Доктун «өлкөгө баш аламандык алып келүүгө карай душмандык кыймылдары» кылмышы менен кармалганын жарыялаган.

Акыркы 2 камоо менен Түндүк Кореяда кармалган Американын атуулдарынын саны төрткө жетти.

АКШ жараны 21 жаштагы университет окуучусу Отто Фредерик Уормбьер, өткөн жылы январь айында турист катары барган өлкөдө кармалып, андан кийин соттун чечими менен 15 жылга эркинен ажыратылган.

Андан башка АКШ атуулу Донг-Чул да 2015-жылы туулган өлкөсү Түштүк Кореянын атынан тыңчылык кылганы айыбы тагылып Түндүк Кореяда 10 жыл эркинен ажыратылган.

АКШнын атуулдарынын Түндүк Кореяга саякат кылуусуна уруксат берилүүдө, бирок АКШ бийлиги Түндүк Кореяга саякат жасабоо темасында эскертүүдө.

Американын Өкүлдөр палатасы өткөн аптада Түндүк Кореяга каршы санкциялардын арттырылышына карай токтом долбоорун бекиткен.



Тектеш кабарлар