Иванка Трамптын жаңы китеби чыкты

Иванка Трамп 2009 – жылы да «Трамп карточкасы: турмушта жана иште ийгиликтүү оюн» аттуу бир китеп чыгарган.

725264
Иванка Трамптын жаңы китеби чыкты

АКШнын президенти Дональд Трамптын кызы жана кеңешчиси Иванка Трамптын  иштеген аялдарга карата сунуштарынан турган жаңы китеби чыкты.

Иванка Трамптын "Penguin Random House" тарабынан басылып чыккан "Women Who Work: Rewriting the Rules for Success" башкача айтканда «Иштеген аялдар: ийгиликтин эрежелерин кайрадан жазуу» деген китеби 2 -  майдан баштап жалпы өлкөдө китеп дүкөндөргө таркатылды. Китебинде атасы Дональд Трамптан үйрөнгөндөрүн да окурмандары менен бөлүшкөн Трамп жумушта да үй – бүлөнүн маанисине басым жасоо менен сунуштарын билдирген.

Трамп өзгөчө иштеген аялдарга стрес менен күрөшүүнүн жана ийгиликтүү аял болуунун жолдорунан сөз кылган. Иванка Трамп 2009 – жылы да «Трамп карточкасы: турмушта жана иште ийгиликтүү оюн» аттуу бир китеп чыгарган.



Тектеш кабарлар