Мусулда бир мектепке куралдуу кол салуу жасалды
Кол салууда 81 киши каза тапты
![Мусулда бир мектепке куралдуу кол салуу жасалды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/f12a/fa39/f850/590c04db5e71a.jpg?time=1718826982)
Ирактын Мусул шаарынын батыш жагында бир мектепке жасалган ракеталык кол салууда 81 кишинин каза болгондугу билдирилди.
Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда ДЕАШ террордук уюмдун текшерүүсү астындагы 17 - Июль аймагындагы Ел Вела мектебин бутага алган ракеталык кол салууда мектепке баш калкалаган 34 киши эркек, 29 киши аял, 18 киши бала болуп жалпы 81 киши каза болду.
ДЕАШ менен куралдуу күчтөрдүн арасында чыккан кагылышуулардан улам жарандар коргологон мектептин кайсы күч тарабынан бомбалангандыгы азырынча белгисиз экендиги белгиленди.
Бир тараптан террор менен күрөшүү боюнча бөлүмүнөн капитан Али ел – Бехадили Анадолу агенттигинин кабарчысына берген маалыматта бөлүккө караштуу күчтөрдүн Ен – Нежжар мааласына жасалган ракеталык кол салууда ДЕАШтын аскердик башкаруусунан жооптуу Хабиб Абдулжеббардын каза болгондугун айтты.