Түндүк Кореяда АКШнын дагы бир жараны камакка алынды
Түндүк Корея АКШ жарандарын эмне себептен камап жатат?
724921
![Түндүк Кореяда АКШнын дагы бир жараны камакка алынды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/2c94/54d9/c267/5909a31b22bc0.jpg?time=1718879173)
Түндүк Кореяда АКШнын дагы бир жараны камакка алынды.
Корей тектүү АКШ жараны Ким Санг Док 22-апрелде Пхеньян эл аралык аэропортунда камакка алынды.
Пхеньян Илимиий жана технология университетинде профессор сыпаты менен сабак берүүсү үчүн өлкөгө чакырылган, 50 жаш курактарындагы АКШ жараны Кимдин өлкөгө чагымчылдык кылганы менен күнөөлөнгөнү билдирилди.
Ким Санг Түндүк Кореяда абакта жаткан үчүнчү АКШ жараны болду.