Трамп менен Путиндин сүйлөшүүсү

Дональд Трамп, Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

724776
Трамп менен Путиндин сүйлөшүүсү

АКШнын президенти Дональд Трамп, Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Орчундуу сүйлөшүүдө Сирия маселеси, Түндүк Корея жана эл аралык террор темалары каралды.

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү жарыясында Трамп менен Путиндин ортосундагы телефондогу сүйлөшүүсү кеңири коомдук пикир менен бөлүшүлдү.

Анда; «Президент Трамп менен мамлекет башчы Путин, Сириядагы азап кайгынын көпкө созулганы жана зомбулуктун соңуна чыгарылышы үчүн бардык тараптардын жасай ала турган бардык нерсесин жасашы керектиги жагдайында макулдашышты»,деп билдирилди.

Анда Трамп менен Путиндин айрыкча Жакынкы Чыгышта терроризмдин соңуна чыгарылышы үчүн чогуу иштөө темасын карагандарын жана Түндүк Кореядагы «абдан коркунучтуу» абалдын эң жакшы түрдө кантип чечиле турганы темасында да пикир алмашкандары белгиленди.

Кремлдин жазуу түрүндөгү жарыясында да эки лидердин эл аралык террор менен күрөшүүдө, координациялуу иштөө темасында бирдей пикирде болгондору баса белгиленди.



Тектеш кабарлар