Меркель менен Путиндин жолугушуусу

Путин жана Меркель 2015-жылдын май айынан бери алгач ирет расмий жолугушуу өткөрүшүтү.

724534
Меркель менен Путиндин жолугушуусу

Германиянын канцлери Ангела Меркель, эки жылдан кийин барган Орусиянын Сочи шаарында президент Владимир Путин менен жолукту.

Жолугушууда Украина жана Сирия кризистери менен эки тараптуу карым-катнаштар каралды.

Орусиянын президенти Владимир Путин, Сириядагы кризистин чечилиши үчүн эки өлкөнүн дагы активдүү иштеши темасында макулдашкандарын айтты.

Путин өлкөсүнүн батышында уланган кризис тууралуу Украинаны күнөөлөдү жана Киев башкаруучулугунун Минск келишиминин аткарылышы боюнча мүмкүнчүлүгүн өткөрүп жибергенин кыйытты.

Меркель болсо Украина маселесинин чечилиши үчүн убакыт керектигин баса белгиледи.

Меркель жолугушууда июль айында Германиянын Гамбург шаарында боло турган Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитине токтолуп, Орусиянын Чоң жыйырмалыктын маанилүү өнөктөшү экенин эске салды.

Путин жана Меркель 2015-жылдын май айынан бери алгач ирет расмий жолугушуу өткөрүшүтү.



Тектеш кабарлар