АКШ баллистикалык ракетасын сынады
АКШнын өзөктүк курал системасынын согушка даярдыгы
![АКШ баллистикалык ракетасын сынады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/04a7/6f83/2630/5909ab2239d4a.jpg?time=1718741628)
АКШ алыс аралыкка учуучу баллистикалык ракетасын сынады.
Аба күчтөрүнүн дүйнөлүк кол салуулар боюнча командирлиги, Калифорния штатындагы Ванденберг базасынан «Minuteman 3» аттуу материктер аралык баллистикалык ракетасынын куралсыз учурулганын билдирди.
Билдирүүдө ракетанын 6 миң 759 километр алыстыктагы бутасына жеткени белгиленди.
Өлкөнүн ядролук күчүнүн бир бөлүгү болгон бул сыноо, АКШнын курал системасынын согушка даярдыгын жана сезимталдуулугун текшерүү максатында 10 айдан бери пландалып келе жаткан.
АКШнын 12 миң 874 миң километрдик аралыкка учкан ушул сыяктуу 150 чакты баллистикалык ракетага ээ экени белгилүү.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718741629)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.