Дональд Трамп менен Ким Чен Ын бетме-бет жолугабы?
Ушул убакка дейре АКШнын эч бир президенти Түндүк Кореянын лидери менен жолуккан эмес.
![Дональд Трамп менен Ким Чен Ын бетме-бет жолугабы?](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/6e19/32b9/c098/5908335c66cb7.jpg?time=1718727033)
Согуштун босогосуна келген АКШ менен Түндүк Кореянын ортосунда кызык абал...
АКШнын президенти Дональд Трамп, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен ыңгайлуу шарттар астында таанышса сыймыктана турганын айтты.
Трамп: «Аны менен жолугушуу мен үчүн ылайыктуу болгондо муну кескин түрдө каалайт элем, муну кылганым үчүн сыймыктанамын. Эгерде туура шарттар астында болгондо муну кылмакмын»,-деди.
Ак үйдүн катчысы Шон Спайсер болсо бул тема тууралуу: «Түндүк Корея провакациялык мамилесин өзгөртүшү керек. Ачык айтканда шарттар учурда ылайыктуу эмес»,-деди.
Ушул убакка дейре АКШнын эч бир президенти Түндүк Кореянын лидери менен жолуккан эмес.
АКШ өткөн апталарда ядролук ракета программасынын коркунучуна каршы Корея жарым аралына Carl Vinson флотун жөнөткөн.
Айрыкча Трамп: «Түндүк Корея башына балээ издеп жатат», деген твит бөлүшкөн.
Буга карата Түндүк Корея да АКШны коркутуп, «Дароо согуш чыгып кетиши мүмкүн»,-деген жооп кайтарган.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718727033)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.