АКШ Ооганстанга аскерлерин жөнөттү

Аскерлердин аймакка жайгаштырылышынын себеби эмне?

723239
АКШ Ооганстанга аскерлерин жөнөттү

АКШ Ооганстандын түштүгүндөгү Гильменд провинциясына 300 кишиден турган аскердик бөлүгүн жөнөттү.

Аскерлердин аймакка жайгаштырылышынын себеби ооган армиясын машыктыруу, тилектештик жана террорго каршы күрөшүү деп белгиленди.

АКШ 11-сентябрь кол салуусунан кийин аскердик бөлүгүн жибере баштаган Гильменд провинциясынан 2014-жылы аскерлерин чыгарып кеткен болчу.

Аймакта ооган коопсуздук күчтөрүнүн чоң жоготууларга учурашы жана Талибандын таасирдүүлүгүн арттырышы боюнча АКШнын президенти Дональд Трамптын чечими менен атайын күчтөрүнө караштуу 5 миң жаңы аскердин Ооганстанга жибериле турганы маалымдалган болчу.



Тектеш кабарлар