Дональд Трамп: «Түндүк Корея менен АКШнын ортосунда согуш чыгып кетүү ыктымалдуулугу бар»

Түндүк Корея АКШ үчүн эң чоң коркунуч

722468
Дональд Трамп: «Түндүк Корея менен АКШнын ортосунда согуш чыгып кетүү ыктымалдуулугу бар»

АКШнын президенти Дональд Трамп, Түндүк Корея менен өлкөсүнүн ортосунда согуш чыгып кетүү ыктымалдуулугу бар экенин айтып: «Түндүк Корея менен чоң согуш башталышы мүмкүн. Бирок дипломатиялык жолдорду тандайм»,-деди.

Reuters маалымат агенттигине маек куруп берген АКШнын президенти: «Дипломатиялык жолдор менен чечүүнү каалайт элек. Бирок өтө кыйын»,-деп айтты.

Трамп Түндүк Кореяны «АКШ үчүн эң чоң коркунуч» деп мүнөздөдү.

Түндүк Кереянын президенти Ким Чен Ындын эстүү лидер болуп же болбону жөнүндөгү суроого: «Эстүү адам экенин ойлогум келет»,- деп жооп берген Дональд Трамп: «27 жашында атасынан ажырады жана режимди өткөрүп алды. Эмне десеңиздер да оңой иш эмес. Өзгөчө ушул жаш куракта. Жасагандарын кечирүүгө аракет кылуудамын. Бир гана жасаган нерсесинин өтө оор экенин айтып жатамын»,-деп кошумчалады.

Бул учурда АКШ Түштүк Кореяга Түндүк Корея коркунучуна каршы колдоо көрсөтүү үчүн абадан коргонуу системасын жайгаштыра баштады.

АКШнын деңиздин түбүндө сүзүп жүрүүчү атомдук кемеси менен учак конуучу кемесинен турган флоту Түштүк Корея жээктерине жетти.

Маектешүүсүндө абадан коргонуу системасы жөнүндө да кеп кылган президент Трамп, Түштүк Кореянын 1 миллиард доллардык төлөмдү төлөшү керектигин айтты.

Түндүк Корея кризисин чечүүгө карата Кытайдын колунан келгенди аткарып жатканын билдирген Трамп, Кытайдын президенти Цзиньпиндин жакшы ниет менен АКШга жардамчы болууга аракет кылганын айтты.



Тектеш кабарлар