Венгрия Түркияны колдойт

Түркиянын ырааттуулугу маанилүү

721397
Венгрия Түркияны колдойт

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Түркияда ырааттуулукту камсыздай алгандарга колдоо көрсөтүлүшү керектигин баса белгилеп: «Түркияда ырааттуулук болбосо бардыгыбыз балээге кабылабыз»,- деди.

Орбан Европа Парламентинин Башкы Ассамблеясындагы сөз сүйлөөсүнөн кийин маалымат жыйын өткөрдү.

Журналисттердин суроосу боюнча Түркияда 16-апрелде өткөрүлгөн элдик добуш берүүдөн кийин президент Режеп Тайип Эрдоганды куттуктаганын айткан Орбан, Түркиянын ырааттуулугунун Европа үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Европанын алдыңкы максатынын Түркиянын ыраттуу болушу экенин баса белгилеген Орбан: «Антпесе бардык аймак өрт чыккан жерге айланат жана Европанын үстүндөгү кысым чыдагыс болот. Ушул себептен Эрдогандын ырааттуу түрк саясий жашоосун түзүүсүн колдоймун»,-деди.



Тектеш кабарлар