Францияда президенттик шайлоо экинчи айлампага калды

Франциянын Конституция кеңеши, 23-апрелде болгон президенттик шайлоосунун алгачкы расмий жыйынтыктарын жарыялады.

721488
Францияда президенттик шайлоо экинчи айлампага калды

Франциянын Конституция кеңеши, 23-апрелде болгон президенттик шайлоосунун алгачкы расмий жыйынтыктарын жарыялады.

Буга ылайык Жүрүш кыймылынын лидери Эммануэль Макрон 24,01 пайыздык добуш менен биринчи орунду алса, радикал улутчул Улуттук фронт партиясынын лидери Марин Ле Пен 21,3 пайыздык добушту алып экинчи болду.

Борбордук оңчул маанайдагы Республикачылдар партиясынын талапкери Франсуа Фийон 20,01 пайыздык добушту алып үчүнчү болсо, радикал солчул талапкер Жан-Люк Меланшонго шайлоочулардын 19,58 пайызы колдоо көрсөтүштү.

Бийликтеги Социалист партиянын талапкери Бенуа Хамондун добуш катнашы 6,36 пайыз болду.

Алгачкы айлампада алдыңкы эки орунду ээлеген Макрон жана Ле Пен, 7-майда боло турган экинчи айлампада ат салышат.

Экинчи айлампада жеңишке жетишкен талапкер 14-майга дейре президент Франсуа Олланддан кызматты өткөрүп алат.

Конституция Кеңешинин жыйынтыктарына караганда бардыгы 47 миллион 582 миң 183 шайлоочу орун алган өлкөдө шайлоого барбагандардын катнашы 22,23 пайыз болду.

Кеңеш айрыкча калыс добуштардын санынын 659 миң 997, жараксыз добуштардын санынын болсо 4691 болгонун жарыялады.



Тектеш кабарлар