Кытай АКШ менен Түштүк Кореяны эскертти

Түштүк Кореяда абадан коргонуу системасы жайгаштырылууда

721072
Кытай АКШ менен Түштүк Кореяны эскертти

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШ менен Түштүк Кореяга, абадан коргонуу системасын «артка тарткыла» деген чакырык салды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Гынг Шуанг борбор шаар Пекинде өткөргөн маалымат жыйынында, Түштүк Кореяда бул системанын айрым бөлүкчөлөрүнүн орнотулушуна каршылык көрсөттү.

Сеул менен Вашингтон башкаруучулугуна темага байланыштуу тынчсызданууларын билдиргендерин айткан Гынг Шуанг, коргонуу системанынын Түштүк Кореяда орнотулуусунун аймактагы чыңалууну күчөтө турганын жана стратегиялык тең салмакка зыян тийгизээрин сөз кылды.

Гынг Шуанг жайгаштыруунун, Корея жарым аралындагы маселенин чечилүүсү жана Түндүк Кореянын атомдук куралдардан тазаланышы темасынын сүйлөшүү жана диалог жолу менен каралып чыгышы принцибине туура келбегенин айтты.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы, Кытайдын өз стратегиялык кызыкчылыктарына таасир тийгизген бул системанын жайгаштырылышына каршы керектүү чараларды көрөөрүн да сөз кылды.



Тектеш кабарлар