АКШ Орусия чек арасына F-35 учактарын жайгаштырууда

АКШ: «Жайгаштыруу иши көптөн бери пландалып жаткан»

720630
АКШ Орусия чек арасына F-35 учактарын жайгаштырууда

АКШ Орусия чек арасына F-35 учактарын жайгаштырууда.

АКШнын аба күчтөрүнүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Англиянын Лейкнхет аба базасынан эки даана «F-35 А Лигтнинг II» үлгүсүндөгү согуштук учак менен 20 кызматкердин, Эстониянын Амари аба базасына жайгаштырылышы үчүн жөнөтүлгөнү маалымдалды.

Жаңы муундагы согуштук учактардын Европадагы биринчи машыгуусуна катыша турганы сөз кылынган билдирүүдө: «Жайгаштыруу иши көптөн бери пландалып жаткан болчу, учурдагы окуялар менен тиешеси жок жана эстониялык шериктештерибиз менен кызматтып жүргүзүүдөбүз. Шериктештерибизге жана өнөктөштөрүбүзгө АКШнын аймактагы тынчтык жана ырааттуулукка болгон убадасы боюнча ишеним берсе, F-35 А учактарынын да Европанын аба мейкиндиги менен таанышуусун камсыздайт»,-деп айтылды.

АКШ F-35 учактарын А, Б жана С сериасы түрүндө өндүрүүдө.

Түркия да арасында болгон 9 өлкөнүн өнөктөштүгүндө өндүрүлгөн F-35 согуштук учактарынын 2018-жылга чейин тийиштүү мамлекеттерге тапшырылышы, Түркиянын буюртма кылган 107 даана F-35 согуштук учактарынын алгачкы экөөсүн быйыл тапшырып алышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар