Түндүк Корея менен АКШнын ортосундагы чыңалуу коркунуч жаратууда

АКШнын Корея жарым аралына жөнөткөн деңиздин түбүндө сүзүп жүрүүчү кемеси Түштүк Кореяга жетти

719953
Түндүк Корея менен АКШнын ортосундагы чыңалуу коркунуч жаратууда

Түндүк Корея менен АКШнын ортосундагы чыңалуу уланып жатат.

«Йонхап» кабар агенттигинин түштүк кореялык жооптуу кызматкерлерге таянып берген маалыматына караганда, армиянын түзүлгөндүгүнүн 85 жылдыгында бүгүн Түндүк Корея Вонсан шаарында оор куралдар колдонулган кеңири масштабдуу аскердик машыгуу өткөрдү.

Маалымат булактарына караганда, аскердик машыгууга Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын да катышаары күтүлүп жатат.

Түндүк Кореянын жаңы атомдук же баллистикалык ракетасын сынашы мүмкүн экени айтылып жатса, чыңалууну күчөтө турчу дагы бир окуя Түштүктө болду.

АКШнын Корея жарым аралына жөнөткөн деңиздин түбүндө сүзүп жүрүүчү атомдук кемеси Түштүк Кореяга жетти.

«USS Мичиган» аттуу кеменин Бусандагы флоттук базага барганы билдирилди.

Түштүк Кореянын маалымат каражаттарына караганда, деңиздин түбүндө сүзүп жүрүүчү «USS Мичиган» кемеси 154 даана ракета жана 60 кишиден турган атайын кыймыл бөлүктөрүн ташып баратат.

Түндүк Корея болсо деңиздин түбүндө сүзүп жүрүүчү кеменин аймакка жайгаштырылышын «ачык түрдөгү аскердик шантаж» деп мүнөздөдү.

АКШ аймакка «USS Карл Винсон» аттуу учак конуучу кемесин жана берки согуштук кемелерин да жөнөткөн болчу.



Тектеш кабарлар