Эгей деңизинде 16 киши каза болду

Эгей деңизинде Мидилли аралынын жакындарында качкындарды ташыган кеменин чөгүшү менен 16 киши каза болду.

719577
Эгей деңизинде 16 киши каза болду

 

Греция деңизчилик министрлигинен алынган маалыматка караганда изилдөө -  куткаруу иштеринде 16 качкындын сөөгү табылды. Сөөктөрдүн жетөөсүнүн түрк куралдуу коопсуздук топтору тарабынан чыгарылгандыгы белгиленди.

Каза болгон качкындардын арасында балдар менен аялдардын бар экендиги белгиленди. Кемеде 25ке жакын кишинин бар экендиги, ушул кезге чейин бирөөсү кош бойлуу эки аялдын тирүү куткарылгандыгы билдирилди.

Ошол эле учурда жоголгон качкындардын табылышына байланыштуу Европа Биримдигинин чек араны коргоо агенттиги FRONTEX топтору да жардам берген изилдөө – куткаруунун улантылып жаткандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар