Кытайдан Түндүк Кореяга чакыруу
Ванг Йи : «Азыркы учурда чыдамдуу болуу керек. Биз диалогдун улантылышы үчүн аракет кылабыз».
Кытайдын тышкы иштер министри Ванг Йи Түндүк Корея жана АКШнын ортосундагы араздашууга байланыштуу : «Азыркы учурда чыдамдуу болуу керек. Биз диалогдун улантылышы үчүн аракет кылабыз»,- деди.
Ванг грек кесипетши Никос Котзиас менен Афинадагы жолугушуусунан кийин өткөргөн пресс – жыйынында Түндүк Кореяга байланыштуу Кытай жана АКШнын ортосунда кызматташтык ыктымалына карата берилген бир суроо боюнча : «Азиянын ядролдук куралдардан тазалануу иштерин улантуудабыз. Тийиштүү тараптардын ортосундагы диалогдун башталышы үчүн аракет кылуудабыз. Адилеттүү сунуштарга ачыкпыз. Азыркы учурда чыдамдуу болуу керек. Биз диалогдун улантылышы үчүн аракетибизди улантабыз»,- деди.
Греция жана Кытайдын ортосундагы эки тараптуу карым – катнаштардан ыраазы экендигин да билдирген Ванг : «Эки өлкөнүн ортосундагы пайдалуу кызматташтыкка карата мисалдардын бирөөсү Пире портунда Косконун салган инвестициялары»,- деди.
Ванг энергетика, билим, айыл – чарба жана деңизчилик сыяктуу тармактарда да кызматташтыктарынын бар экендигин белгилеп : «Өткөн жылы Грецияга 150 миң кытайлык турист келди жана бул жылы бул санда дагы да өсүү болот»,- деди.