АКШнын учак ташуучу кемесин Түндүк Корея бийлиги бир атып чөктүрө турганы менен коркутту

Бул тууралуу Түндүк Кореянын бийликтеги Жумушчу партиясынын расмий берүү органы «Нодон Синмунда» орун алган анализ макаласында билдирилген.

719143
АКШнын учак ташуучу кемесин Түндүк Корея бийлиги бир атып чөктүрө турганы менен коркутту

Түндүк Корея, АКШны Корея жарым аралынын чөйрөсүнө аскерлерин жыйганын көрсөтүш үчүн аймакка жөнөткөн учак ташуучу кемесин чөктүрүп жибере турганы менен коркутту.

ВВСде орун алган маалыматка караганда Түндүк Кореянын бийликтеги Жумушчу партиясынын расмий берүү органы «Нодон Синмунда» орун алган анализ макаласында Түндүк Корея армиясынын согуш флоту менен аймакка өтүү буйругун алган USS Carl Vinson учак ташуучу кемесин «бир жолу атуу менен чөктүрө ала турганын» жазып чыккан.

Макалада учак ташуучу кемени атуунун Түндүк Кореянын аскердик күчүн далилдеш үчүн «жакшы бир мисал боло турганы» белгиленип, «Төңкөрүшчүл күчтөрүбүз, АКШнын атомдук кубаттуулук менен иштеген учак ташуучу кемесин бир жолу атып чөктүрүүгө даяр»,-деген сөздөр орун алды.

АКШнын Тынч океан командирлигине караштуу USS Carl Vinson учак ташуучу кемесинин кызмат тобу, АКШнын президенти Дональд Трмаптын буйругу менен Түндүк Кореяга атомдук сыноолорун соңуна чыгарышы үчүн эскертүү катары аймакка жөнөтүлгөн.

Кызмат тобунун аптанын ичинде Корея жарым аралына жакын жерге жетиши күтүлүүдө.

Кытайдан болсо Түндүк Корея темасында чыңалууну басаңдатууга карай кадам ташталды.

Пекин башкаруучулугу тарабынан тараптарды тынчтантуу чакырыгы салынды.

Кытайдын расмий телеканалында орун алган кабарга караганда мамлекет башчысы Си Цзиньпин, телефон аркылуу сүйлөшкөн АКШнын президенти Донльд Трампка бардык тараптардын акыл-эстүүлүк кылып, абалды дагы да татаалдаштыруудан алыс туруулары жөнүндөгү үмүтүн айтты.

Кабарда мамлекет башчысы Си Цзиньпиндин, Түндүк Кореянын ядролук курал программасына кескин түрдө каршы болгону белгиленди.

Трамп башкаруучулугу Түндүк Кореяны жаңы атомдук сыноо кылган учурунда аскердик операция менен катар бардык альтернативалар сүйлөшүлө турганы менен эскерткен.



Тектеш кабарлар