Эрдоган менен Путин жолугушат
Эки лидер кайсы шаарда жолугушуу өткөрүшөт?
717869
Президент Режеп Тайип Эрдоган 3-майда Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин менен Эрдогандын 3-майда Сочиде жолугуша тургандарын билдирди.
Песков, эки лидердин жолугушууда Сириядагы кырдаалга өзгөчө токтоло тургандарын айтты.
Сочидеги жолугушуу Эрдоган менен Путиндин ушул жылдын ичинде экинчи жолку бетме-бет жолугушуусу болот.
Эки лидер акыркы жолугушууларын 10-мартта Орусиянын борбор шаары Москвада өткөрүшкөн болчу.