Грециянын тик учары кулап түштү

Азырынча себеби белгисиз кырсыкта тик учарда орун алган төрт аскер каза болгону,бир аскер жаралуу куткарылганы маалымдалды.

716497
Грециянын тик учары кулап түштү

Грециянын аба күчтөрүнө таандык бир тик учар кулап түшүп 4 аскер каза тапты, бир аскер жаралуу куткарылды.

Грециянын башкы штаб төрагалыгы үчөө экипаждан турган 5 аскер орун алган Хуей UH-1H үлгүсүндөгү тик учардын кыйрандысы өлкөнүн түндүгүндөгү Элассона аймагында табылганын жарыялады.

Азырынча себеби белгисиз кырсыкта тик учарда орун алган төрт аскер каза болгону, жаралуу куткарылган айым аскердин өмүрүндө коркунуч жок экени билдирилди.

Ларисса шаарынан учуп Козаниге бараткан тик учардын, ар дайым болгон чек ара күчөтү үчүн учканы белгиленди.

Коргоо министри Панос Камменос, кырсыктын себебинен өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланганын маалымдады.



Тектеш кабарлар