Санкт Петербург метросунда жасалган кол салуунун пландоочусу бир киши кармалды

27 жаштагы Орто Азия тектүү Аброр Азимовдун борбор шаар Москва жакындарында кармалгандыгы белгиленди.

715190
Санкт Петербург метросунда жасалган кол салуунун пландоочусу бир киши  кармалды

Орусияда  3 -  апрелде Санкт Петербург метросунда жасалган бомбалуу кол салуунун пландоочусу экендиги белгиленген бир киши кармалды. Орусия федералдык коопсуздук сервисинен берилген маалыматта метродогу кол салууга байланыштуу жүргүзүлгөн териштирүүнүн негизинде 27 жаштагы орто азиялык  Аброр Азимовдун борбор шаар Москва жакындарында кармалгандыгы белгиленди. Маалыматта Азимовдун жарылуунун пландоочуларынын арасында экендиги жана жандуу бомбаны кол салууга даярдагандыгы билдирилип, кылмышкердин тергөөгө алынышы үчүн прокуратурага өткөрүлгөндүгү белгиленди.

Санкт Петербург метросунда жасалган бомбалуу кол салууда 15 киши каза болуп, 40тан ашуун киши жараланган. Орусия териштирүү комитети бомбалуу кол салууну жасаган кишинин 22 жаштагы Акбаржон Жалилов экендигин билдирген болчу.

 

 



Тектеш кабарлар