Сирияда кол салуудан кийин эвакуация иштери токтоду

Каза болгондордун 68зи бала.

714356
Сирияда кол салуудан кийин эвакуация иштери токтоду

Сирияда ишемби күнү курчалган аймактардан эвакуация учурунда жасалган кол салууда каза болгондордун саны 126га жетти. Каза болгондордун 68зи бала. Кол салуудан улам эвакуация иштери кечеңдетилди.

Катар жана Ирандын арачылыгы менен түзүлгөн келишим Асад жактоочулары болгон 2 кыштак менен оппозициячылдар болгон 2 кыштакта курчоого алынган миңдеген кишинин эвакуацияланышын күтүп жаткан. Эвакуациялар ишемби күнкү кол салуудан кийин токтоду.

Кол салуу Фуа жана Кефреййа кыштактарынан Асад жактоочулары аялдамада  автобус күтүп жаткан учурда жасалган. Кол салууда бензин станциясынын да жардырылышы менен каза болгондордун санынын артуусуна жол ачты. Кол салуунун жоопкерчилигин эмдигиче моюнга алган болгон жок, бирок ДЕАШ же Фетих Ел Шамдан шектенилүүдө. Кол салуудан мурда Асад жактоочулары болгон кыштактардан 5 миң, оппозициячылдар болгон кыштактардан да 2 миң 200 киши эвакуацияланган болчу. Асад жактоочулары Халепке, оппозицияга колдоо бергендер болсо Идлибге барды. Кечээ 3 миң кишинин эвакуацияланышы күтүлүп жаткан. 60 күндүн ичинде бүтүшү күтүлүап жаткан жана баскыч түрүндө ишке аша турган эвакуациялар 30 миңден ашуун кишини камтууда. Ошол эле учурда Асад режими менен Орусия абадан кол салууну улантууда. Катуу бомбалоодон кийин Асад күчтөрү Хама жакындарындагы стратегиялык мааниге ээ Соран кыштагын колго алды.

Оппозициячылдар да Асад күчтөрүнүн текшерүүсү астындагы аскердик бир аэропортко ракета менен кол салды.



Тектеш кабарлар