Кытай жогорку көлөмдүү спутнигин космоско учурду

Кытай Эл Республикасы жогорку процесс жөндөмдүүлүгү бар байланыш спутнигин космоско учурду.

712261
Кытай жогорку көлөмдүү спутнигин космоско учурду

Синхуа маалымат агенттигинин кабарына караганда Шыжиен-13 деп аталган өлкөсүнүн алгачкы жогорку процесс жөндөмдүүлүгү болгон спутнигин Түштүк-Чыгыштагы Шичанг спутник учуруучу борбордон орбитасына учурду.

Кытайдын Aerospace Science and Technology Corp. фирмасы тарабынан долбоорлонгон спутник, табигый кырсыктарды байкоо, учак жана поезддерде интернет байланышынын камсыздалышы үчүн колдонулат жана орбитада 15 жыл калат.

Long March-3B ташуучу ракетасы менен учурулган Шыжиен-13 спутнигинин секундасына 20 гигабайт дата өткөрүү көлөмү бар жана өлкөнүн ушул убакка дейре учурулган эң жогорку процесс жөндөмдүүлүгү болгон спутниги экени белгиленди.

Кытайдын 2015-жылдан бери орто жана узак мөөнөттүү жарандык максаттуу космостук инфраструктурасын өнүктүрүү планына караганда 2025-жылга чейин космосто 22 байланыш спутниги болмокчу.



Тектеш кабарлар