Орусия, Иран жана Сирия үч тараптуу сүйлөшүү өткөрөт

Мария Захарова үч тараптуу сүйлөшүү өткөрүүнүн пландалгандыгын билдирди

710599
Орусия, Иран жана Сирия үч тараптуу сүйлөшүү өткөрөт

Орусия, Иран жана Сириянын тышкы иштер министрлери жуманын акырында Москвада үч тараптуу сүйлөшүү өткөрөт. Орусиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова Риа Новости маалымат агенттигине берген маалыматында жуманын акырында Москвада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф жана Сириянын тышкы иштер министри Велид Муаллимдин үч тараптуу сүйлөшүү өткөрүшүнүн пландалгандыгын айтты. 

Орус басма сөзүндө орун алган кабарларда Зарифинин 14 -  апрелде Моксквага барары белгиленди. Жолугушууда Сирияда Башар Асад режиминин Идлиб шаарынын Хан Шейхун аймагындагы химиялык курал менен кол салуусу жана АКШнын режимге таандык аба базасын атуусунан кийин акыркы абалдарга баа берилиши күтүлүүдө. 

Орусия, Иран жана Сирия үч тараптуу жыйыны Орусия жана АКШнын тышкы иштер министрлеринин Москвадагы жолугушуусунан кийин өткөрүлөт. 

 



Тектеш кабарлар