Иракта коалиция жаңылыштык менен жарандарды атты

Кол салууда бир үй - бүлөдөн үч киши каза болуп, эки киши жараланды

710551
Иракта коалиция жаңылыштык менен жарандарды атты

АКШнын жол башчылыгындагы эл аралык коалиция күчтөрүнүн Ирактын Мусул шаарынын батышына жасалган абадан кол салууда жаңылыштык менен жарандарды атуусу менен бир эле  үй – бүлөдөн үч киши каза болуп, эки киши жараланды.

Эл аралык коалициядан кол салууга байланыштуу эч кандай маалымат берилген жок. Бир тараптан Нинова операциялар командирлигинен полковник Ахмед ел  - Жебури Мусулдун батышындагы Ер  - Рисале районуна минометтрдун түшүшү менен эки жарандын каза болгондугун, тогуз жарандын жаралангандыгын белгиледи.

Эл аралык коалиция күчтөрүнүн 17 – 23 -  март күндөрү Мусулдун Жедиде аймагында жаңылыштык менен жарандарга жасаган абадан кол салууларында эки жүздөн ашуун жарандын уранды астында калып каза болгондугу белгиленген болчу.



Тектеш кабарлар