Меркель менен Трамп сүйлөштү

Эки лидер кайсы темаларды талкуулашты?

710217
Меркель менен Трамп сүйлөштү

Германиянын канцлери Ангела Меркель АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Германиянын өкмөт катчысы Штеффен Зайберт эки лидер, Сирия режиминин өткөн жумада Идлиб шаарына химиялык курал менен кол салуусун жана Түндүк Кореянын атомдук программасын талкуулагандарын сөз кылды.

Билдирүүгө караганда Меркель сүйлөшүүдө, Сириядагы химиялык кол салуудан кийин АКШнын бул өлкөгө ракета менен кол салышын туура деп тапканын бирок саясий процесстин, БУУнун карамагында жүргүзүлүшү үчүн бардык нерсенин жасалышы керектигин сөз кылды.

Ошондой эле Сирияда саясий өткөөл процесстин башкарылышында Орусия менен кызматташуунун маанилүү экени баса белгиленип, коюлган максаттын «Асадсыз, тынчтыкчыл жана ырааттуу Сирия» экени айтылды.



Тектеш кабарлар