Ак үй: «Сирияга жаңы чабуул болушу мүмкүн»

Ак үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер, Сирияда жаңы чабуулдар болушу мүмкүн экендигин айтты.

710120
Ак үй: «Сирияга жаңы чабуул болушу мүмкүн»

«Сирияга жаңы чабуул болушу мүмкүн». Бул билдирүү Ак үйдөн келди.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер, Сирияда жаңы чабуулдар болушу мүмкүн экендигин айтты.

Спайсер маалымат жыйынында, «Эгерде ымыркай балдарга химиялык куралдар менен кол салсаңыз, бейкүнөө адамдарга баррель бомбасын атсаңыз, бул президенттен (Дональд Трамп) жооп аласыздар. АКШнын Жакынкы Чыгыштагы эң алдыңкы планы ДЕАШ менен күрөшүү, бирок Асад бийлигинин астында ырааттуу жана коопсуз Сирия кыялданыла албай жатат»,-деп айтты.

АКШнын Коргоо министри Жеймс Маттис болсо 6-апрелде Шайрат аба базасына болгон ракеталык чабуулда Асад режимине таандык учактардын 20 пайызы жок кылынганын жарыялады.

Маттис жазуу түрүндөгү жарыясында: «Президент Дональд Трамптын келечекте химиялык кол салуулардан баш тарттырыш үчүн жана Асад эл аралык укукка терс түшкөн, жоюлганы айтылган химиялык куралдар менен бейкүнөө адамдарды өлтүрүп жатканда АКШнын үн катпай калбай турганын көрсөтүш үчүн бул кадамды таштоо буйругун берди»,-деп айтты.

Маттис: «АКШнын Башар Асад режимине таандык Шайрат аба базасын Tomahawk ракеталары менен атышынын, режимдин Идлибдин Хан Шейхунда химиялык курал колдонуусуна каршы ченемдүү эле кадам болгонуна көңүл бурду.

Анда: «Шайрат аба базасы, май куюу жана куралдандыруу жөндөмдүүлүгүн жоготту, бул жерде жол тилкелердин колдонула алганы аскердик жактан чоң мааниси жок»,-деди.

Маттис, Сирия режимине дагы бир жолу химиялык курал колдонуусунун акылсыздык боло турганынын эскертүүсүн кылды.



Тектеш кабарлар