«Стратегиялык бир жаңылыштык»

Айетуллах Али Хаманей АКШнын Шайратка кол салуусуна каршы чыкты

709513
«Стратегиялык бир жаңылыштык»

Ирандын диний лидери Айетуллах Али Хаманей  АКШнын Сириянын Шайрат аба базасына жасалган кол салууну «стратегиялык бир жаңылыштык» деп мүнөздөдү. Борбор шаар Тегеранда жогорку деңгээлдеги аскердик жетекчилер менен  жолугушкан Хаманей АКШнын Сириядагы кагылышуулар башталган 2011 -  жылдын март айынан бери армия күчтөрүнө карата биринчи кол салуусуна каршылык көрсөттү.

«АКШлыктардын жасаганы стратегиялык жаңылыштык, өзүнөн мурункулардын жаңылыштыгын кайталап жатышат»,- деген Хаманей Вашингтондун аймактагы террорду колдогондугун да белгиледи. Хаманей : «АКШлык мурунку жетекчилер ДЕАШты жаратты же ДЕАШка жардам берди; азыркылар да ДЕАШ жана ушуга окшогон топторду кайрадан жандандырууда»,- деди. Сириянын Хомс шаарына жакын жердеги Шайрат аба базасы жума күнү АКШнын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги аскердик кемелерден атылган 59 томогавк ракетасы менен атылып, кол салууда 6 киши каза болгон.



Тектеш кабарлар