Чоң жетилердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны

Deutsche Welleдин кабарына караганда эки күндүк жыйындын башкы темасынын Сирия кризиси болушу күтүлүүдө

709629
Чоң жетилердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны

АКШ, Англия, Германия, Франция, Япония, Канада жана Италиядан турган чоң жетилердин тышкы иштер министрлери бүгүн Италиянын  Лукка шаарында жолугушат. Deutsche Welleдин кабарына караганда эки күндүк жыйындын башкы темасынын Сирия кризиси болушу күтүлүүдө. 

Сирия кризиси тууралуу аймак өлкөлөрүнүн да катышуусу менен шейшемби күнү атайын бир отурум да өткөрүлөт. Бул атайын отурумга тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен бирге Бириккен Араб Эмирликтери, Сауд Аравия, Иордания жана Катардын тышкы иштер министрлери катышат. 

Италиядагы чоң жетилердин министрлер жыйынында Ирак менен Сирия жерлеринин террордук уюм ДЕАШтан тазаланышы үчүн эмнелерди аткара алары сөз болот. 

 

 

 



Тектеш кабарлар