Жаңы Зеландиянын Түндүк аралы суу астында калды
Дебби борошосунан таасирленген 2 миң киши коопсуз аймактарга алып барылды
![Жаңы Зеландиянын Түндүк аралы суу астында калды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/49ff/fca7/4d91/58e60a4db7663.jpg?time=1718765153)
Австралиянын Жаңы Түштүк Галлер жана Квинсленд аймактарында 8 кишинин өлүмүнө себеп болгон Дебби борошосунан таасирленген 2 миң киши коопсуз аймактарга алып барылды.
Түндүк аралындагы Edgecumbe шаары борошо жол ачкан ашыкча жамгыр жаашынын айынан суу астында калды. Аралда ашыкча жамгыр жаашынын улантылышы менен аймактарда миңдеген кишинин чара катары коопсуз аймактарга жиберүүгө чакыруу салынып, Пангитаики дарыясынын ташуусу менен 200гө жакын үйдүн суу астында калгандыгы, 2 миңге жакын киши шаардан трактор жана кайыктар менен чыгарылды. Полиция сел сууларынын кээ бир аймактарда 2 метрден ашкандыгы, аралда жоголгон бир кишиден кийин жан жоготуунун болбогондугун билдирди. Ашыкча жамгыр жаашынын Жаңы Зеландиянын Түштүк аралында да таасирдүү боло баштады. Окленд шаарында аба жолунда аксоо болуп, бир топ учак каттамдары кечеңдетилди.
Өткөн жумадан бери Австралиянын Жаңы Түштүк Галлер жана Квинсленд аймактарында таасирдүү болгон Дебби борошосу 8 кишинин өлүмүнө жол ачып, Австралияда миңдеген киши коопсуз аймактарга алып барылды.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718765154)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.