Дмитрий Песков Идлибдеги кол салуу тууралуу билдирүү жасады

Песков Идлибдеги химиялык кол салуунун Асадга каршы болгон өлкөлөр жана террористтердин пайдасына болгондугун ортого салды

707365
Дмитрий Песков Идлибдеги кол салуу тууралуу билдирүү жасады

Орусиянын президенти В. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Сириянын Идлиб шаарына  караштуу Хан Шейхун аймагында химиялык куралдарды колдонуунун коркунучтуу бир кылмыш экендигин айтты. 

Орусиянын борбор шаары Москвада журналисттердин суроолоруна жооп берген Песков химиялык курал колдонуунун кабыл алынгыс экендигин жана Сирияда бул ыктымалдын ортодон жок кылынышы керектигин белгиледи. Песков химиялык куралдуу  кол салууга байланыштуу  такталган жана обьективдүү маалыматтардын жок экендигин ортого салып,  кенен бир териштирүү жасалбастан алынган чукул жыйынтыктардын чындыкты чагылдырбагандыгын жактады. 

БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги жыйынында  АКШ өкүлүнүн химиялык кол салууда каза болгон балдардын фотографияларын көрсөтүүсүнө токтолгон Песков : "Көрсөтүлгөн фоторгафиялар балким  маанилүү бир далилдир,  балким да маанилүү эмес. Балким да сезимталдуу  бир көрсөткүчтөн башка эч нерсе эмес",- деди. 

Песков Идлибдеги химиялык кол салуунун Асадга каршы болгон өлкөлөр жана террористтердин пайдасына болгондугун ортого салды. 

 

 

 



Тектеш кабарлар