Трамптын инфраструктура инвестициялары боюнча жарыясы

Дональд Трамп, өз жетекчилигинин 1 триллион доллардык инфраструктура планынын үстүндө иштеп жатканын айтты.

706372
Трамптын инфраструктура инвестициялары боюнча жарыясы

АКШнын президенти Дональд Трамп, өз жетекчилигинин 1 триллион доллардык инфраструктура планынын үстүндө иштеп жатканын айтты.

АКШнын президенти Трамп, арасында General Electric, Citigroup, HSBC, Deloitte, Blackstone Group жана Mastercard орун алган 50 ири Америка фирмасынын башкаруучулары менен Ак үйдө жолугушуу өткөрдү.

Жыйналышка инфраструктура инвестицияларынын ылдамдатылышы чакырыгын салган Трамп, 90 күндүн ичинде баштала турган инфраструктура долбоорлоруна мамлекеттик колдоо камсыздала турганын белгиледи.

Трамп, шайлоо убадаларынын арасында орун алган инфраструктура инвестицияларынын чирип бараткан көпүрөлөр, туннелдер жана автожолдордун жаңылануусу үчүн чоң мүмкүнчүлүк боло турганын белгилеп: «Орто эсеп менен 1 триллион доллардык, ал эмес балким дагы чоң жана абдан ири инфраструктура долбоорунан сөз кылуудабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар