Сириядагы химиялык кол салууга дүйнө жүзү каршылык көрсөтүүдө

Бириккен Улуттар Уюму Идлибге болгон кол салууну согуш кылмышынын алкагында териштирүү чечимин чыгарды.

706128
Сириядагы химиялык кол салууга дүйнө жүзү каршылык көрсөтүүдө

Сириянын Идлиб шаарында химиялык курал менен болгон кол салууга эл аралык коомчулук каршылык көрсөтүүдө...

Бириккен Улуттар Уюму Идлибге болгон кол салууну согуш кылмышынын алкагында териштирүү чечимин чыгарды.

БУУнун коопсуздук кеңеши да абалды талкуулаш үчүн бүгүн чогулат.

АКШ, Англия жана Франция кол салууну айыптаган жана жооптуулардын табылышы үчүн териштирүү башталышын талап кылган биргелешкен токтом долбоорун даярдап, жыйналыштан мурда Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө таркатты.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш, химиялык курал менен кол салууга терең кайгырганын белгилеп, Химиялык куралдарга тыюу салуу уюумунун Идлиб кол салуусу тууралуу маалымат чогулта баштаганын маалымдады.

Гутерреш химиялык куралдардын колдонулушунун эл аралык тынчтык жана коопсуздукка коркунуч туудурганын жана эл аралык укукту олуттуу түрдө бузганын белгилеп кетти.

БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура да Европа Биримдигинин тышкы байланыштар боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Мистура кол салуунун абадан болгонун ойлоп жаткандарын айтты. Кол салуунун кеңириси тууралуу азырынча жетиштүү маалымат болбогонун белгилеген Мистура, Асад режиминин окуянын аркасында болгонун белгилеп кетти.

Могерини да «коркунучтуу» деп мүнөздөгөн кол салуунун, согуш кылмыштарынын эң жаманы болгонун белгилеп: «Ким жооптуу болсо жазасыз калтырылбашы керек»,-деп айтты.

Англиянын премьер-министри Тереза Мэй, Асад режиминин химиялык курал колдонгону тууралуу кабарды алганда үрөйү учканын белгилеп, «Эгерде далилденсе бул Сирия режиминин варварлыгынын жаңы далили болот»,-деди.

Жалпы сириялыктар өкүлдүк кылынган ырааттуу Сирияда Асаддын эч бир келечеги болбой турганын баса белгилеген Мэй, тийиштүү бардык тараптарды Асадсыз Сирияга карай өтүүгө чакырды.

Англиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон да жооптуулардын жоопко тарылышына карай эл аралык аракеттерди баштоосун уланта тургандарын айтты.

Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэль болсо кол салуунун БУУнун коопсуздук кеңешинде изилденишин байкай тургандарын баса белгиледи.

Франциянын Президенттигинин жарыясында кол салууга байланыштуу ачык түрдө Асад режими күнөөлөндү.

Франциянын тышкы иштер министри Жан Марк-Айро, Америка бийлигинин Сирия тууралуу мамилесин БУУнун коопсуздук кеңешинде ачык айтышы керектигин баса белгиледи.

АКШнын президенти Дональд Трамп да Сирияда аял жана балдар да арасында болгон бейкүнөө адамдарды бутага алган мыкаачылык химиялык кол салуунун цивилизациялуу дүйнө тарабынан көз жаздымда калтырылбай турганын жаярыялады.

Трамп, Башар Асад режиминин бул мыкаачылык кыймылдарынын мурдагы бийликтин (Барак Обама) начардыгынын жана чечимсиздигинин жыйынтыгы болгонун белгилеп кетти.

Араб Лигасы жана Ислам Кызматташтык Уюму да Сириядагы кол салууну айыптап эл аралык коомчулукту кылмышкерлердин жазаландырылышы үчүн кызматка чакырды.

Асад режиминин Идлибдин Хан Шейхун аймагына кечээ эртең менен химиялык курал менен кол салуусунда, көпчүлүгү балдардан турган 100дөн ашуун жарандын өлгөнү 500 кишинин газдан таасир алганы белгиленген.



Тектеш кабарлар