Пакистанда жан кечтилик кол салуу

Пакистандын Пенжап аймагында элдик каттоо жооптууларын бутага алган жан кечтилик кол салууда алты киши каза болду

706024
Пакистанда жан кечтилик кол салуу

Пакистандын Пенжап аймагында элдик каттоо жооптууларын бутага алган жан кечтилик кол салууда алты киши каза болду. 

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда Лахор шаарынын жакындарындагы кол салууда эки эл каттоо жооптуусу менен аларды коштогон төрт аскер каза болду. 

Жан кечтилик кол салууда он беш киши жараланды. Кол салууну азырынча моюнга алган болгон жок. 

Пакистанда он тогуз жылдан кийин өткөн айда башталган эл каттоо он миңдеген жооптуу жана эки жүз миң аскер тарабынан жүргүзүлүүдө. Эл катоонун 15 -  майда аяктоосу күтүлүүдө. 

 



Тектеш кабарлар