Эфиопия менен Судандын ортосунда темир жол тууралуу келишим түзүлдү

Хаилемариам Десалегн эки өлкөнүн оросунда абдан жакында  эркин экономикалык аймактын куруларын айтты

706369
Эфиопия  менен Судандын ортосунда темир жол тууралуу келишим түзүлдү

 Эфиопия  менен Судандын  ортосунда темир жолдордун курулушу жана эркин экономикалык аймактын курулушу темаларында келишим түзүлдү.

Эфиопияга расмий сапар менен барган Судандын мамлекет башчысы Өмер ел  -  Бешир борбор шаар Аддис Абабада премьер – министр Хаилемариам Десалегн менен жолугушту.

Ел – Бешир жолугушуудан кийин өткөрүлгөн орток пресс – жыйында эки өлкөнүн карым – катнаштарынын саясий, маданий жана экономикалык тармакта дагы да күчтөндүрүлүшү тууралуу макулдашуунун түзүлгөндүгүн айтты. Судан менен Эфиопиянын коопсуздугунун эки өлкөнүн негизги маселеси экендигин белгилеген ел  -  Бешир : «Тынчтык менен ырааттуулукту түзүү үчүн полициябыз жана армиябыз координациялуу иштеп жатат»,- деди.

Десалегн болсо эки өлкөнүн оросунда абдан жакында  эркин экономикалык аймактын куруларын жана жаңы бир темир жолунун куруларын айтты. Жыйындан кийин таркатылган орток басма сөз маалыматында аймакта кризиске жол ачкан Ренесанс суу сактагычынын курулушу үчүн Эфиопия жана Судандын орток бир түшүнүккө ээ экендиги жана Нил дарыясынын сууларынын адилеттүү түрдө  бөлүшүлүшү үчүн эки өлкөнүн кызматташтык түзгөндүгү белгиленди.



Тектеш кабарлар