Адам укуктары жана эркиндиктери уюмунан Йеменге жардам

Гуманитардык жардам фонду Йеменде муктаж болгон беш миң үй – бүлөгө азык – түлүк жардамын жеткирди

705661
Адам укуктары жана эркиндиктери уюмунан Йеменге жардам

Адам укуктары жана эркиндиктери уюмунун гуманитардык жардам фонду Йеменде муктаж болгон беш миң үй – бүлөгө азык – түлүк жардамын жеткирди.

Адам укуктары жана эркиндиктери уюмунун Йемендин түрдүү аймактарында 10 күндөн бери улантылып жаткан жардам программасынын аякташы менен Хадрамевт аймагына караштуу Тарим шаарында азем өткөрүлдү.

Адам укуктары жана эркиндиктери уюмунун Жакынкы Чыгыш бөлүгүндө кызмат кылган Умут Билгин бул жерде сүйлөгөн сөзүндө : "Жардам кампаниясынын негизинде 11 облуста араларында өлкөдөгү кагылышуулардан улам үйлөрүн таштап кеткендер, жардамга муктаж үй – бүлөлөр, кагылышууларда жакындарын жоготкон кишилер менен жетимдер болгон беш миң үй – бүлөгө жардам таркатылды»,- деди. Билгин Хадрамевт аймагында болсо йемендик жарандык коом мекемеси Коомдук кайрымдуулук коомунун кошкон салымы менен 220 үй – бүлөгө жеткирилгендигин белгиледи.



Тектеш кабарлар